Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусуНоокат району 23.10.2018 13:47 Жаңыланды: 23.10.2018 14:34 На русском

Ноокаттагы жалгыз мал союучу жайдан чыккан жагымсыз жытка жашоочулар чыдабай калды (видео)

Turmush -  Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнө караштуу Киров айылындагы мал союучу жайдан чыккан жагымсыз жыт ден соолукка зыянын тийгизип жатканын айтып чыгышты. Алардын айтымында, мал союучу жайдан жазында адам чыдагыс жыт тарайт. Ал эми ал жерден чыккан таштанды 15-20 метрдей гана алыска төгүлөт.

Тазалыгы талапка жооп бербеген мал союучу жайдын иштешине жергиликтүүлөрдүн көпчүлүгү каршы. Ал эми аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Дастанбек Адилбеков учурда мал союучу жайды башка жакка көчүрүү пландалып жатканын айтты.

«Ал жердеги жашоочулар жердин жоктугунан мал союучу жайдын жанында жашай беребиз деп келип, отурукташып калган. Бул жерге жашоочулардын көчүп келгенине 2-3 жыл болду.

Биз ал жерди тез-тез текшерип турабыз. Райондогу жалгыз мал союучу жай болгондуктан аны жаап салууга болбойт. Бирок жакынкы арада элден алыс жерден орун таап, заман талабына ылайыктап имарат курууну пландап жатабыз», - деди Дастанбек Адилбеков.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×