Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусуНоокат району 23.10.2018 10:44

Кара-таштыктарды таза суу менен 70% камсыздоо үчүн 10 млн сом бөлүндү

Turmush -  Калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун негизинде Ноокат районунун Кара-Таш айылы таза суу менен камсыздалып жатат. Бул тууралуу айылдык кеңештин төрагасы Нурсеит Жаңыбаев маалымдады.

«Учурда суу түтүктөрүнүн ордун казуу иштери кызуу жүрүүдө. Айыл калкынын 70 пайызы таза суу менен камсыз болот. Тоолуу аймактарды өнүктүрүү фондунан 7,5 млн сом, ал эми айылдык бюджеттен 2,5 млн сом акча каражаты бөлүндү. Таза суу 1 чакырым аралыктагы булактан тартылып келет.

Ал эми жашоочулар сууну үйүнө алып кирүү үчүн өздөрү акча каражатын чогултушкан», - деди Жаңыбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×