Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусуНоокат району 19.10.2018 12:59

Үч-Бай айылынын тургуну жерин берип, жашоочулар өздөрү спорт зал куруп башташты (видео)

Turmush -  Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүндөгү Үч-Бай айылынын тургундары өз демилгеси менен спорт залдын имаратын куруп башташты. Ал үчүн айыл тургуну Мамарасул Маматкулов өзүнүн 10 сотыхтан ашуун жерин бергенин айыл тургуну Шаимбек Алимбаев кабарчыга билдирди.

«Жаштар мектептин спорт залына улаштырып спорт комплекс курабыз дешти. Ал жер тар болуп калгандыктан өз жеримди бердим. Азырынча күрөш залын курсак, кийинчерээк спорт комплекси да курулат. Өзүмдүн 3 уулум бар, неберелеримдин келечеги үчүн жеримди бердим. Айыл өкмөттү гана карап отурсак өнүкпөйбүз. Ошондуктан, көп иштерди эл өзүбүз эле бүтүрүп коёбуз», - деди Мамарасул Маматкулов.

Ал эми демилгени өз колуна алган Шаимбек Алимбаев жашоочулар мүмкүнчүлүгүнө жараша каражат берип жатканын айтты.

«Эл 100 сомдон баштап колунан келген акчаларын кошуп жатышат. Мектептеги жогорку класстар 2 миң сом топтоп беришсе, Орусияда эмгектенип жүргөн айылдаштарыбыз 50 миң сом акча которушту. Учурда шагыл, таш, цемент түшүрүлдү. План боюнча кышка чейин үстүн жаап койсок, кийинки жылдын жай айларында курулушту толук бүтүрөбүз», - деди Шаимбек Алимбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×