Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусуНоокат району 17.10.2018 15:07 На русском

«Хуторянка», «Синий инейди» жандуу үн менен ырдагын Диларам Таштемирова. Ноокатта аларсыз той өтпөйт (видео)

Turmush -  80-жылдардан берки атактуулугун жоготпогон «Хуторянка», «Синий иней» чыгармаларын урма аспаптын, гитаранын коштоосунда жандуу үн менен ырдаган ноокаттык жубайлар социалдык тармактарда эл назарына түштү. Алардын чыгармачылыгы менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышып кайтты.

Ноокат районунун Бел-Өрүк айылынын тургундары Абдикарим Алимкулов менен Диларам Таштемирова урма аспап, гитарада кол ойнотот. Жубайлардын музыкалык билими жок болгону менен өнөрү аркылуу Кыргызстандын көп аймагын кыдырып чыгышкан.

Өзүбүздү жарнамалаганга убактыбыз жок деген Диларам Таштемирова: «Окуучулук кезимден бери музыкага кызыгам. Урма аспапта ойноо үчүн реквиемдерди билип, логикаңды иштетсең эле болду. Ал эми гитараны студент кезимде "Кыз-Бурак" тобунда жүргөндө үйрөнгөм. Кыздар чертип жатканда колдорун карап, кайсы нота кайда жайгашканын билип алгам.

Жолдошум экөөбүз айылдагы маданият үйүндө чогуу иштедик. Эстрадалык топ болуп иштеп жүргөндө союз тарап кеткен. Ошондо маданият үйүнүн барабаны менен тойлорго барып жүрдүк», - деди.

Жубайлар «Кызыл-Өрүк» аттуу үй-бүлөлүк ансамбль түзүшкөн. Учурда айылдагы тойлор аларсыз өтпөйт.

«Жандуу үн менен ырдасаң эл өзү баалап алат. Фонограмма менен ырдагандар деле алына жараша иштеп жатышат. Балдарымдын бирин Оштогу искусство факультетинде окутканбыз. Учурда аталган окуу жайда мугалим болуп иштейт. Кызым да жакшы ырдайт. 4 кыз, 3 уулду тарбиялап жатабыз», - деп кошумчалады ал.

Чыгармачыл жубайлар Германиядан жаңы урма аспап алдырышты. Эски барабанды 1-2 ай сайын сыртка күнгө алып чыгып аарчып, чертип турушат. Элдин басымдуу бөлүгү жубайлардан 1980-жылдары популярдуу болгон ырларды аткарууну суранышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×