Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусуНоокат району 16.10.2018 12:05

«Эмаком» курулуш компаниясынын жетекчиси Эмилбек Жусупов мектебиндеги мугалимдер менен окуучуларды сыйлады (сүрөт, видео)

Turmush -  «Эмаком» курулуш компаниясынын жетекчиси Эмилбек Жусупов өзү төрөлүп өскөн Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына караштуу Жал айылында жайгашкан Т.Бекиев атындагы мектептин окуучуларынын билим деңгээли менен таанышты. 13-октябрдагы жолугушууда президенттин жарлыгы менен жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жылына карата мектепке окуу куралдарын, түстүү сыналгы, DVD, акчалай сыйлык жана баалуу белектерди тапшырды. Ошондой эле мыкты мугалимдер менен алдыңкы окуучуларды компаниянын ардак грамотасы менен сыйлады.

Аталган мектепти Эмилбек Жусупов 2008-жылы аяктаган. Мектептин жаңы имараты 2012-жылы курулуп, пайдаланууга берилген болчу.

Эмилбек Жусупов кезектеги жолугушууда мектептин жетишкендиктерине токтолуп, быйылкы жылы Ош облусунун аймагындагы айылдардагы мектептердин арасынан Т.Бекиев мектеби билим деңгээли боюнча 1-орунду ээлегени менен кызуу куттуктады. Мындай ийгиликке жетүүдө ар бир мугалимдин мээнети чоң экенине да токтолду.

Ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарага катышып, окуучулар тарабынан даярдалган сахналаштырылган чыгармаларга күбө болду.

«Мен буга чейин эле өзүм окуган мектептеги окуучулардын билим деңгээли менен таанышкым келип жүргөн. Мектеп жаңы курулгандыктан бардык шарттары бар. Андыктан мен окуучулар менен мугалимдерди сыйлоону чечтим жана максатыма жеттим. Бизди кичинебизден тарбиялап өстүргөн, чарчабай билим берген мугалимдериме терең ыраазымын. Алар берген билим менен азыркы ийгиликтериме жетиштим. Бул мен үчүн сыймык.

Биз айылдын бардык көйгөйүн чече албайбыз. Бирок мага окшогон жеке ишкерлер айылдарынын өсүшүнө жардам колун сунса, өлкөбүз бат эле өнүгөт деп ойлойм. Биз буга чейин да айылдагы көп курулуштарга өз салымыбызды кошуп келгенбиз. "Эмаком" курулуш компаниясы кайрымдуулукту айкалыштырган компания», - деди Эмилбек Жусупов.

«Эмаком» курулуш компаниясы учурда Бишкек, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларында заманбап, ыңгайлуу шарттары бар жана кардарларга ыңгайлуу баада сунушталган көп кабаттуу үйлөрдү куруу иштерин улантууда.

Компаниянын байланыш номуру:

- 0775 44 22 44;

- 0551 44 22 44;

- 0771 44 22 44;

- 0708 44 02 44.

«Эмаком» курулуш компаниясы курган заманбап турак жайлар:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×