Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусуНоокат району 16.10.2018 11:21 Жаңыланды: 16.10.2018 12:32 На русском

Айыл турмушу: Ноокаттык фермер асыл тукум «Динозаврды» 180 миң сомго саткан жок (видео, сүрөт)

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн тургуну Мухаммед Адинаев 4 жылдан бери асыл тукум мал багуу менен алектенет. Анын короосундагы эт жана сүт багытындагы мал Россия, Америка, Щвейцариядан алынып келген. Учурда симментал, голштин, швиц, абердин-ангус породасындагы жалпы 25тен ашуун уй баласын багып жатканын анын чарбасы менен таанышкан Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Мухаммед мырза мындан бир нече жыл мурун сүт жана эт багытындагы асыл тукум малдарды көбөйтүүнү максат кылган эле.

«Алгач өзгөчө түрдөгү тоокторду алып келгем. Бирок майда иш менен алектенүү мен үчүн кызыксыз болду. Мындан 3-4 жыл мурда интернет аркылуу асыл тукум малдарды издештирип, кызыга баштадым. Асыл тукум мал өзүбүздүн малдан сүттүүлүгү, эттүүлүгү менен айырмаланып, жеген жем, чөбү да сиңимдүү болот экен. Адатта апрель айларында тоодогу малчыга берип, кеч күздө өткөрүп алам. Баасы кымбат болгондуктан малчылар "жоголуп кетсе, зоодон кулап кетсе эмне болот?" деп коркуп жатып алышат.

Быйыл кышкыга 2 миң таңгак чөп камдап койдум. Жемди деле көп жешпейт. Ушунча малга жемди кантип табасың деп таң калышат. Бир малды 150 миң сомдой акчага сатып, ага жем алып коём. Ал эми суук түшкөндө сууну жылытып бериш керек. Бир мал 16 литр суу ичет. Ар бирине ээрикпестен суу жылытып берем», - деди фермер.

Асыл тукум мал баккан фермерлер өз ара пикир алышып, тажрыйба алмашып турушат. Бирок кызыгып асыл тукум малдан эки-үч баш баккан адамдар болгону менен көп түрүн кармагандар жокко эсе.

«Асыл тукум уйларды базарга алып чыксам айрымдар 40 миң сомго сурашат. Ал эми булардын торпогу эле 35 миң сомго бааланат. Ошондуктан мал менен бизнес кылуу оюмда жок. Учурда 40 метрлик сарай куруп, малды көбөйтүү боюнча долбоор жазып койгом.

Жасалма уруктандырууга караганда бука менен көбөйтүү тез натыйжасын берет. Учурда айылдаштарымдын малын асыл тукум букаларга кошуп, 1-1,5 миң сом акы алам. Асыл тукум уйлар күнүнө 30-40 литр сүт беришет», - деди Мухаммед Адинаев.

Мухаммед Адинаев «Динозавр» деп атап койгон 2,5 жаштагы буканы кардарлар 180 миң сомго сурашкан. Бирок бул баага саткан эмес. Анын салмагы 1 тоннадан аша турганын кошумчалады.

Ал эми «Динозавр» деген атты башка малдар сыяктуу эле түсүнө жараша тандап койгон. Аны мындан 1 жыл мурун Россиядан Кыргызстанга алып келишип, алардан Мухаммед Адинаев 100 миң сомго сатып алган. Ал эми сатуу үчүн канча сомго баалап жатканын так айткан жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×