Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусуНоокат району 16.10.2018 21:25 На русском

Видео — Авариялык мектеп, чаң каптаган жолдор. Бала бакча, таза суусу жок Үч-Бай айылындагы жашоо

Turmush -  Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Бай айылындагы мектептин имараты авариялык абалда. Айыл тургундары таза суунун, бала бакчанын жоктугуна, жолдордун жаман абалына нааразычылык билдиришти.

Үч-Бай орто мектеби 1993-жылы Баргы мектебинин филиалы болуп ачылган. Мектеп 2 имараттан турат. Биринчиси 1993-жылы курулса, экинчи имарат 2000-жылы кыз-келиндер тарабынан ашар жолу менен курулган.

Аталган мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Гүлзада Эшкулованын айтымында, имараттын сырты оңдоп-түзөлгөнү менен, ичи авариялык абалда.

«Мектепте учурда 400дөн ашуун окуучу 3 кезмет менен окушат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан авариялык абалда деп 2010-жылы табылган. Депутаттар кабар алып кетишет, бирок жыйынтык жок. Жер титирөөгө туруштук бербейт, астына тизилген таштар кулап кете турган абалда. Жалпы 6 бөлмө бар. Ал эми класстардын жетишсиздигинен директордун бөлмөсүнө компьютерлер коюлуп, балдар информатика сабагын окуп жатышат. Кышында мешке от жагабыз, көмүрдүн иси классты каптап чыгат», - деди Гүлзада Эшкулова.

2 миңге жакын калк жашаган Үч-Бай айылында таза суу жеткиликтүү эмес. Элдер Кыр-Кол дарыясынан тараган арыктардан суу ичишет. Ал дарыядан адамдар чоң унаалар менен шагыл да казып алып турушат.

Ал эми айылдын жолуна 1980-жылы муздак асфальт төшөлүп, 1-2 жылда эле бузулуп калганын айтышты. Айыл тургуну Шаимбек Алимбаев айылдын башындагы 1 чакырым жолго гана асфальт төшөлгөнүн кошумчалады.

«Зулпуев айыл өкмөтүнүн бюджети башка райондорго салыштырмалуу көп. Себеби бизде 2 кирпич завод, 6 күйүүчү май куючу жай, сок чыгаруучу цех бар. Араван цемент заводу сырьёну биздин айыл өкмөткө акча төлөп алып кетишет. Ошентсе да борбордук көчөбүз жарыктандырылган эмес, таза суубуз жок. Жолду жылына өз чөнтөгүбүздөн тегиздетип турчубуз. Сууну болсо чоң арыктан ташып ичебиз.

Кыр-Кол дарыясына шагыл алганы келгендер таштанды ыргытып кетишет, ал сууну айыл тургундары пайдаланабыз. Бир ирет суунун башында иттин өлүгүн шагыл алып жаткандар ыргытып коюшуптур. Бирок айыл өкмөттөн эч кандай реакция да болгон жок», - деди Шаимбек Алимбаев.

Ал эми Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы Совет Мурзакулов жеке менчик үйдү бала бакча кылып ачуу маселеси каралып жатканын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×