Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусуНоокат району 15.10.2018 13:51 На русском

Видео, сүрөт — Чоң атанын 90 жылдыгына белек: Ноокатта 500дөй көк бөрүчү алтын курду талашты

Turmush -  Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында 14-октябрь күнү Камал Зикировдун 90 жылдык мааракеси белгиленди. Анын урматына неберелери аламан көк бөрү мелдешин уюштурушкан. Ага коңшу өлкөлөрдөн да көк бөрүчүлөр келип катышты.

Бүйүр кызыткан көк бөрүнү көрүү үчүн алыскы Даниядан да туристтер келген. Алардын бири Емил Викфельт көптөп бери кызыгып жүргөн оюнду өзү көрүп жатканына кубанганын айтты.

«Көк бөрү жөнүндө мурун кабарым бар эле. Бирок минтип жанынан күбө болгон эмесмин. Тажикстандан бул жакка келе жатканда ат минген адамдарга көзүм түштү. Алардан сурасам, көк бөрүгө бара жатканын айтышты. Алар менен кошо бул жакка келдим. Буга чейин бир жолу гана ат минип көргөм. Ал эми мындай оюнда ат мине албайм (күлүп).

Көк бөрү абдан кызыктуу оюн экен. Мага абдан жакты», - деди Е.Викфельт.

Мелдештин уюштуруучусу Бектур Зикировдун айтымында, байгеге алтын курдан сырткары унаа, топоз, 10 кой, токулган тай коюлган. Ал эми, жергиликтүүлөрдүн айтымында, көк бөрүгө миңден ашуун адам күбө болуп, 500дөй көк бөрүчүлөр катышты.

«Бизде мындай көк бөрү мелдештери көп болот. Менин байкашымча миңдеген адамдар ушул оюнга күбө болуп жатышат. Бул жолку аламан көк бөрүдө 500дөй атчандар ойноду. Алардын ичинде Өзбекстандан, Тажикстандан келген көк бөрүчүлөр дагы бар», - деди жергиликтүү жашоочу Абдираим Акимов.

Оюндун жүрүшүндө көптөгөн көк бөрүчүлөр кой жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Ал эми унааны Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнөн келген көк бөрүчү алса, баш байге болгон алтын курду Кулатов айыл өкмөтүнүн көк бөрүчүсү Жали Султанов утуп алды.

Аламан көк бөрүдө оюнчулар команда болуп бирикпестен, ар бири улакты тай казанга таштоо менен өзүнө упай топтошот. Анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталат.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×