Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 10.10.2018 12:43 На русском

Ноокатта 2,2 сомдук этти мыйзамсыз ташып бараткандар кармалды

Turmush -  Канаттуунун 2 млн сомдон көп суммадагы этин Кыргызстандын аймагына контрабанда жолу менен ташып кирүүгө аракет кылышкан. Бул факты ачыкка чыкканын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү иштерин аталган кызматтын Ош облусунун Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн. Анын алкагында «Ноокат» салмак көзөмөлдөө постунан «ДАФ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа текшерилип, болжол менен жалпы 17 тонна өрдөктүн төшү салынган кутулар табылган. Бирок бул жүккө тиешелүү документтер болгон эмес.

Соода-өнөр жай палатасынын Ош бөлүмүнүн корутундусу боюнча бул товардын базардагы наркы 2 млн 210 миң сом түзөт. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинде (контрабанда) каралган кылмыштын белгиси боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×