Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуНоокат району 10.10.2018 00:35 На русском

Айыл турмушу: Алыскы Агарт жайлоосуна электр жарыгын суудагы кыймылдаткыч жеткирет (видео)

Turmush -  Оштогу Ноокат району менен Араван районунун ортосунда жайгашкан Агарт жайлоосундагы тургундар электр энергиясын аны бөлүп чыгаруучу кыймылдаткычтын жардамы менен суудан алышат. Ноокат районунан 56 км алыста жайгашкан жайлоонун жашоосун Turmush басылмасынын кабарчысы көрүп келди.

Учурда бул аймакта мындай кыймылдаткычты 6 түтүн пайдаланып жатат. Жайлоодо жалпы 25-30 турак үй болсо, алардын айрымдары жабык турат. Ал эми тургундардын саны 15 адамга жетерин айтышты.

Бул жакта жергиликтүү тургундар мал багуу менен алектенип келишет. Жашоочулардын айтымында, дарыядагы суунун агымынын жардамында алынган электр энергиясы 24 вольт кубаттуулукка жетип, 4 лампаны жарыктандырып, сыналгы көрүүгө болот. Агарт жайлоосунун жашоочулары мындай ыкма менен электр энергиясын алып жатканына 6-7 жыл болду.
Бул аймакта окуучулардын саны жетпегендиктен башталгыч мектеп жабылганы буга чеийн маалымдалган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×