Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуНоокат району 06.10.2018 11:54 На русском

Видео: Кулап бараткан үйдөгү мектеп. Алыскы Агарт жайлоосуна сапар

Turmush -  Оштогу Ноокат району менен Араван районунун ортосунда жайгашкан Агарт жайлоосунда балдар кулайын деп калган эски үйдө окуп жатканы тууралуу видеотасма социалдык түйүндөрдө катуу талкууга алынган эле. Видео 21-сентябрда белгисиз адам тарабынан тартылган.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги бул маалымат чындыкка дал келбей турганын жарыялады.

«Ноокат районундагы Агарт башталгыч билим берүү мектеби мурунку окуу жылында жабылган. Бул айылда ушул жылы 1-класска бара турган жалгыз окуучу жакынкы айылдагы мектепке киргизилген. Бул мектептеги жалгыз педагогду жумушка орноштуруу иштери менен Ноокат райондук билим берүү бөлүмү алектенип жатат. Бул мектепте мурунку жылдары 1-4-класстарда 12ден ашпаган бала билим алып келген», - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Turmush басылмасынын кабарчысы бул аймакты, андагы мектеп деп аталган эски үйдү көрүп, коомго эки башка тарап жаткан маалыматты тактап кайтты.

Агарт жайлоосу Ноокат районунун борборунан 56 километр алыста жайгашып, 5 сааттык жол. 1975-жылга чейин жайлоодо жашаган тургундар ат, эшек менен гана каттап турушса, кийин таштар жардырылып, унаа жүрүүчү жол ачылган.

Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаевдин айтымында, факт түрүндө 1 гана окуучу калгандыктан мектеп 2018-жылдын август айында эле жабылган.

«Агарт мектебинин мугалими Рахима Мамытова райондук билим берүү бөлүмүнө 5-сентябрда келип, 1 гана окуучу калганын айтып, арызын жазып кеткен. Биз, мугалимди Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө жайгашкан Улугбек атындагы орто мектепке, ал эми эки кызын жана бир окуучуну Токтогул атындагы жатак интернатка которуу чечимин кабыл алганбыз. Мугалим которулган мектепке жумушка келбегенин үй-бүлөлүк маселесине байланыштырып жүрө бергенбиз. Видео тараган соң гана анын сабак өтүп жүргөнүн билдик. Жерине барып тактаганыбызда факт түрүндө 1 гана окуучу болгон. Ал эми 2 бала өзүнүн кыздары, 1 бала кошунасынын 5 жаштагы баласы болуп чыкты. Өзүнүн айлыгын, ошол жердеги эгинин ойлоп, мектепти сактап калам деген ойдо 14 окуучу бар деп жалган айткан. Бирок тарификацияга киргизилген эмес, айлык төлөнгөн жок», - деди Акуш Асанбаев.

Быйыл август айында бул эски үйдөгү мектеп жабыла турганы белгилүү болуп, оңдоп-түзөө иштерине бөлүнгөн акча берилген эмес. Оңдоп-түзөө иштерине ар бир окуучуга 81 сомдон эсептелип, 1190 сом акча каражаты бөлүнгөн. Бирок ал каражат учурда бухгалтерияда турат.

«Эгерде 10дон ашуун окуучу болгондо, мектепти оңдоп-түзөп, жаптырбайт элек», - деп кошумчалады билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

Ал эми Агарт мектебинин жалгыз мугалим Рахима Мамытова аталган мектепте бир жыл эмгектенген. Мугалим ата-энелердин мектеп жабылбасын деген суранычын аткарып, 14 окуучу бар деп жалган айтканын айтууда.

«Агарт мектебинде 2008-жылдан бери иштейм, ал убакта 17 окуучу болчу. Мага чейин Кызыл-Тейит айылынын тургуну мугалим болуп иштеп жүргөн. Ал өзүнүн үйүндө окуткандыктан шарты да жакшы эле. Мен да үй-бүлөм менен жашаган үйгө ижара акысын үй ээлерине айыл өкмөт тарабынан төлөтүп, окуучуларды окутуп жүрдүм. Катуу шамал менен жамгыр үйдүн сыртын кулатып салган. Бирок дубал калың болгондуктан ичи жылуу болчу.

Райондук билим берүү бөлүмүнө барып, арыз жазган соң көчүп келүү үчүн Агарт жайлоосуна кайра чыгып кеттим. Барсам ата-энелер "мектепти жаптырбай сактап калалы, балдарыбыз жаныбызда окушсун" деп айтышты. Райондук билим берүү бөлүмүнө билдирбей, балдарды окутуп жүрө бердим», - деди Мамытова.

14 баланын тизмеси кандай түзүлгөнүн Рахима Мамытова төмөнкүдөй түшүндүрдү: «Араван районуна караштуу Сары-Жаз жайлоосунан (бир дарыя бөлүп турат) 7 баланы каттагам. Бирок алар 4-классты бүтүп, көчүп кетишкен. Ал эми мектепте кошунамдын 5 жаштагы уулу, өзүмдүн 2 кызым окуп жатса, тизмедеги 4 баланын экөө 4-классты аяктап калгандар эле», - деп кошумчалады.

Учурда мугалимдин эки кызы жана жалгыз окуучу Анатай Тыныбеков Токтогул атындагы жатак балдар интернатына которулушкан. Ал жерде Анатайды билим деңгээлине байланыштуу кайрадан 1-класста окутуп жатышат. Ага жолукканыбызда мурунку мектебин сагынганын айтты.

Агарт жайлоосу Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө карайт. Аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Махамадаали Хайдаралиев Агарттагы эски үйгө 6,5 тонна көмүр түшүрүлгөнүн айтты.

«Башка мектептердин директорлору бюджеттен оңдоп-түзөө иштерине акча бөлдүрүп кетишкен. Эгерде Агарттагы мектеп тууралуу айтышканда кыш заводубуздан 10 миң кышты жеткирип, 4 бөлмөлүү имарат куруп берүү колдон келет эле. Башка мектептерге акча бөлүнгөндөй эле Агарт мектебине да 3 миң сом бөлүнгөн. Ошол акчага директор жок дегенде сыртын сырдап, актап койсо болот эле.

Негизги маселе окуучу калбаганында болуп жатат. Мен ал мектепти көргөн жокмун. Агарт мектебине ошол эле жайлоодон 10 сотых жер бөлүнгөн. Бирок жай мезгилинде окуучулар көбөйүп, ал эми окуу убагында азайып кеткени үчүн мектеп курулбай келген. Буга чейин жеке менчик үйгө айыл өкмөт тарабынан ижара акысы төлөнүп турган.

Агарт жайлоосунда 30дай түтүн жашаганы менен алардын көбү кыштабайт. Жаз айларында эгин өстүрүп 2 ай жүрүшсө, күз мезгилинде түшүм жыйноо үчүн 2-3 ай жашашат. Быйыл кыштоо үчүн төрт гана үй-бүлө калды», - деди М.Хайдаралиев.

Ал эми Агарт жайлоосунун жашоочусу Махбурат айым 5 жаштагы баласы зээригип жатканын айтты.

«Эки баламды Кызыл-Тейит айылында карыган кайненем окутуп жатат. Мектеп болсо жаныбызда окуйт эле. 5 жаштагы балам калем менен иши жок болчу, бул жердеги мектепке бергенибизден кийин кыйла аракет кылып калган», - деди ал.

Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев эгер Агартта окуучулар көбөйсө, чоң мектептердин филиалы ачылышы мүмкүн экенин кошумчалады.

«Элдин жайлоого болгон кызыкчылыгы жоголуп, айылга түшүп жатышат. Эгерде 10дон ашуун бала болуп, ата-энелер кайрылышса, филиал катары имарат курулушу мүмкүн», - деди А.Асанбаев.

Ноокат районунда жалпы 112 мектеп болсо, анын ичинен 8 мектеп башталгыч билим берип, 13 мекеме толук эмес билим берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×