Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 03.10.2018 09:36

Акыркы суткада өлкө аймагында 26 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 26 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 28 бөлүм жөнөтүлгөн, деп билдирди бүгүн, 3-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы. Адамдар жаракат алган жок.

Оштогу Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жаңы-Ноокат айылында эки кабаттуу мал сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 108 чарчы метр чатыры, 300 түк чөп жана 500 кг отун күйгөн. Электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Токтогул районунун Торкент айыл аймагында короодо жыйылган 20 тонна чөп өрттөндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×