Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуНоокат району 28.09.2018 09:10 Жаңыланды: 28.09.2018 17:19 На русском

Эгиздер: Асан менен Зууранын эгиз экенин билбегендер кыз-жигит деп ойлошот

Turmush -  20 жаштагы эгиздер Асан Тойчубаев менен Зуура Тойчубаева Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынын тургундары. Учурда эгиздердин бири Асан Жалал-Абад шаарында чек арада кызмат өтөп жатса, Зуура Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде 3-курстун студенти.

«Асан 2,5 килограмм, мен 1,5 килограмм болуп төрөлүп, мен назик болуп калгам. Бизди төрөгөндөн кийин апам ооруп, сүт чыкпай калыптыр. Ошентип эчкинин сүтү менен багылганбыз. Асан мага өтө камкор.

2-3 жашыбызда колубузга нан кармап жеп жүрсөк тооктор жулуп кетчү. Асан мени алаксытуу үчүн дароо башка нерсе кармата койчу экен. Кээде бир убакта ооруп калчубуз. Бир ирет жыгылып кетип, бутумдан жаракат алдым. Ошол эле күнү Асандын бутун ит тиштеп алып, ал да жаныма жатып калган. 9-класста мен Бишкекке кеткенимде Асан ооруп калып, кайра келгем», - деп эскерет Зуура.

Асан мектепте гуманитардык сабактарга кызыкса, Зуура так илимдерди жакшы окуган. Бирок жогорку окуу жайдан Асан технологиялык багытты тандаса, Зуура филология боюнча билим алууда.

«Эгиздер назик болгондуктан апам аябай кыйналып чоңойткон. Кичинебизде оюнчук талашып эле уруша берчү элек. Бир жолу да апамды оюнчук талашып чарчаткан экенбиз. Апам, “ушинтип, оюнчук талашып урушуп, ынтымагыңар жок болсо мен силерди таштап кетем” деп, жашынып калган. Аны издеп, ыйлаганбыз. Тапкан соң экинчи урушпайбыз деп сөз бердик», - деди Зуура.

Алар мектептеги акыркы коңгуроодо чогуу чыга албай калышкан. Себеби, классташ кыздары Асанды талашса, Зуураны балдар талашып жетелеп чыгышкан.

Экөөнүн эгиз экенин билбегендер чогуу жүргөн убакта "кыз-жигитсиңерби?" деген суроону көп беришет.

«Эгиз кыздар болсок мүмкүн урушмакпыз. Асан уул бала болгону үчүн көп учурда мага жол берет. Асан оор басырыктуу, мен болсо чыдамсызмын. Бирок мени жигиттерден коргоп, сүйлөшпө деп турат. Жигиттер тийишсе мага болушуп, балдар менен мушташкан күндөрү да болгон. Тагдыр өзү туш кылат, жигиттер менен сүйлөшүп убактыңды, кадырыңды кетирбе деп эскертип турат.

Биз, эки тондо жайгашкан түгөйлөр болгондуктан, көпчүлүк эгиз деп ойлобойт», - деп кошумчалады Зуура.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×