Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуНоокат району 26.09.2018 16:57

Кулайын деп калган Агарт мектеби: Жетекчилерге эскертүү берилип, сөгүш жарыяланды (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү Агарт мектебинин жабылганы тууралуу маалымат убагында берилбегени үчүн билим берүү бөлүмүнүн жетекчисине эскертүү берилип, башкы адис менен айыл өкмөт башчыга сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди.

Жаңы-Ноокат айылындагы Агарт мектеби быйыл жабылган. Буга карабай билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев Ноокат райондук администрациясына жана Билим берүү министрлигине кабарлабаганы үчүн эскертүү алды. Ал эми жаңы окуу жылына карата мектепке бара турган окуучулардын саны такталбагандыгы үчүн Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Нормохаммад Юлчиевге, билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Осмонали Көчкөнбаевге сөгүш берилди.

«Агарт башталгыч мектебинде быйыл 1 эле окуучу болгондуктан мектеп жабылып, окуучу Ноокат шаарындагы Н.Крупская атындагы орто мектепке жайгаштырылган. Агарт айылында 2008-жылы элдин суроо-талабы менен малчылардын үйүн ижарага алып, 1-класстан 4-класска чейинки окуучуларды окутуу үчүн атайын класс уюштурулган.

2006-2017-окуу жылында 7 окуучу 4-классты бүтүрүп, 3 окуучу башка мектепке которулуп кеткен. Бүгүнкү күндө Агарт айылындагы уюштурулган окуу классында окутуу процесси токтотулган», - деди А.Азамжан уулу.

Агарт айылы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн борборунан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган аймакта Араван районунун Төө-Моюн айылынын тургундары жашашат.

Буга чейин Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү тоо тараптагы Агарт аймагындагы жашоочулардын балдары 1970-жылдары курулган эски үйдө билим алып жатышканы айтылып, социалдык тармактарга бул мектептин абалы чагылдырылган видеотасма тараган.

Ал эми Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Махамадали Хайдаралиев окуучуларга билим берилип жаткан имарат жеке менчик үй экенин айткан.

«Агарт башталгыч билим берүү мектебинде 16 окуучу билим алып, 3 мугалим сабак өтөт. Карлик тибиндеги мектеп болгондуктан эки класска чогуу сабак өтүүгө да мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү авариялык абалдагы имарат деп чечим чыгарып берели дешсе, бул жеке менчик үй болуп жатат. Үй ээси көчүп кеткен. Мектеп куралы десек 16 окуучу үчүн мектептин жаңы имаратын куруу мүмкүн эмес экен. Окуучулардын жарымы Араван районунун, жарымы Ноокат районунун тургундары», - деп билдирген М.Хайдаралиев.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги бул маалымат чындыкка дал келбей турганын бүгүн, 26-сентябрда билдирди.

«Ноокат районундагы Агарт башталгыч билим берүү мектеби мурунку окуу жылында жабылган. Бул айылда ушул жылы 1-класска бара турган жалгыз окуучу жакынкы айылдагы мектепке киргизилген. Бул мектептеги жалгыз педагогду жумушка орноштуруу иштери менен Ноокат райондук билим берүү бөлүмү алектенип жатат. Бул мектепте мурунку жылдары 1-4-класстарда 12ден ашпаган бала билим алып келген.

Учурда Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн бардык окуу жайларынын маалыматтык базасын камтыган Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын түзүү иштерин аяктоодо. Бул система жыл сайын мектептердин комплекттөө иштерин көзөмөлдөөгө шарт түзөт», - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×