Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 25.09.2018 14:44 Жаңыланды: 26.09.2018 11:20 На русском

Видео: Агарт мектебинин окуучулары кулайын деп калган эски үйдө билим алабы? (толукталды)

Turmush -  Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү тоо тараптагы Агарт аймагындагы жашоочулардын балдары 1970-жылдары курулган эски үйдө билим алып жатышат. Социалдык тармактарга бул мектептин абалы чагылдырылган видеотасма тараган.

Ал эми Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Махамадали Хайдаралиевдин айтымында, окуучуларга билим берилип жаткан имарат жеке менчик үй болуп саналат.

«Агарт башталгыч билим берүү мектебинде 16 окуучу билим алып, 3 мугалим сабак өтөт. Карлик тибиндеги мектеп болгондуктан эки класска чогуу сабак өтүүгө да мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү авариялык абалдагы имарат деп чечим чыгарып берели дешсе, бул жеке менчик үй болуп жатат. Үй ээси көчүп кеткен. Мектеп куралы десек 16 окуучу үчүн мектептин жаңы имаратын куруу мүмкүн эмес экен. Окуучулардын жарымы Араван районунун, жарымы Ноокат районунун тургундары», - деп билдирди М.Хайдаралиев.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги бул маалымат чындыкка дал келбей турганын бүгүн, 26-сентябрда билдирди.

«Ноокат районундагы Агарт башталгыч билим берүү мектеби мурунку окуу жылында жабылган. Бул айылда ушул жылы 1-класска бара турган жалгыз окуучу жакынкы айылдагы мектепке киргизилген. Бул мектептеги жалгыз педагогду жумушка орноштуруу иштери менен Ноокат райондук билим берүү бөлүмү алектенип жатат. Бул мектепте мурунку жылдары 1-4-класстарда 12ден ашпаган бала билим алып келген.

Учурда Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн бардык окуу жайларынын маалыматтык базасын камтыган Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын түзүү иштерин аяктоодо. Бул система жыл сайын мектептердин комплекттөө иштерин көзөмөлдөөгө шарт түзөт», - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×