Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуНоокат району 24.09.2018 12:35

Ноокаттыктар эл аралык мелдешке келген чет өлкөлүк 700дөй спортчуну коноктошту

Turmush -  Ноокатта өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн эркин күрөш боюнча II Эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. 22-сентябрда башталган мелдешке Кыргызстандын 7 облусунан жана Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн жалпы 700 спортчу катышкан.

«Кара-Таш» спорт клубунун машыктыруучусу Талант Эржигит уулунун айтымында, алтын медалдардын саны боюнча Тажистандан келген спортчулар 1-орунду багындырып кайтышты.

«Тажикстандыктар 6 алтын медаль алып, 1-орунду ээледи. Ал эми 3 алтын медаль жана күмүш, коло медалдардын саны менен Кыргызстандын “Кара-Таш” спорт клубу 2-орунга ээ болду. 3-орунду Кара-Суу району, 4-орунду Өзбекстандын жаш спортчулары багынтышты. Бирок Кыргызстандын башка облустарынан келген балдар алдыңкы орундарга илешпей калганы өкүндүрдү», - деди Талант Эржигит уулу.

Бул мелдештин жүрүшүнө 20 машыктыруучу көз салып турган. Ал эми жергиликтүү жашоочулар эки күн бою 700дөй жаш спортчуларды үйлөрүндө коноктошкон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×