Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 22.09.2018 18:15

Ноокаттын Кара-Таш айыл өкмөтүндө күрөш боюнча эл аралык мелдеш башталды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 22-сентябрда Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүндө жаш өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча экинчи эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү жаш өспүрүмдөрдүн машыктыруучусу Талант Эржигит уулу билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн жаш өспүрүмдөр келишкен. Мелдеш эки күнгө созулат.

«Балдар 20 кг салмактан 40 кг салмакка чейин күрөшөт. Жалпысынан бүгүн 300 бала күрөшөт. Жыйынтык эртең чыгат», - деди ал.

Спорттук иш-чаранын ачылышына Жогорку Кенештин мурдагы төрагасы Айтибай Тагаев, Ноокат районунун башчысы, айыл өкмөт башчылары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×