Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 19.09.2018 22:35 На русском

Өрнөк айылындагы мектептин курулушу бүтпөй, окуучулар чатырда окуп жатат (видео)

Turmush -  Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн Өрнөк айылындагы Өрнөк мектеби 2016-жылдагы жер титирөөдөн кийин жараксыз болуп калгандыктан окуучулар чатырда окуп жатышат. Бул тууралуу аталган мектептин директору Сырга Калмурзаева билдирди.

Анын айтымында, учурда 275 орундуу жаңы имараттын курулушу жүрүп жатат. Бирок курулуш толугу менен бүтпөгөндүктөн окуучулар чатырларда окууга аргасыз.

«Жаңы мектептин жалпы сметалык баасы 49 млн сом. Учурда мектептин экинчи кабаты бүтүп, чатыры жабылууда. Аталган мектеп ушул жылдын ноябрь айында пайдаланууга берилиши күтүлүүдө. Учурда 300 окуучу 2 чатырда, мектептин эски имаратында билим алып жатышат», - деди ал.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×