Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 18.09.2018 17:46 На русском

Ноокаттагы жер чыры. Нааразы болгон жашоочуларга айыл өкмөт башчынын жообу

Turmush -  Ноокат районуна караштуу Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жашоочулары жерге байланышкан коррупциялык иштер боюнча бүгүн, 18-сентябрь күнү АКИпресс-Оштогу маалымат жыйында айтып чыгышты.

Алардын айтымында, жер адиси пара алып жатканда кармалганына карабай боштондукта жүрөт. Ошондой эле Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы кызматка келгенден бери карапайым элге кайракы жерден, ал эми капчыктууларга ыңгайлуу шарттары бар аймактан жер берилип жатканын кошумчалашты.

Айыл өкмөттүн жашоочуларынын бири Кылычбек Мурзали уулу: «Жер адиси 17-август күнү пара менен кармалган. Бирок буга карабай бүгүнкү күндө иштеп жүрөт. Мага "тосмо арыз жазып бер" деген сөздөрдү айтып, шарт коюп кетти. Ошондуктан урматтуу Сооронбай Шарипович ушундай иштерге чара көрүп берүүңүздү суранам», - деди.

Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин депутаты Бүзейнеп Абдукаимова билдиргендей, айыл өкмөт айылдык кеңештин бир нече токтомун аткарбай келет.

«Бул жерде отургандар жер маселеси боюнча Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков жана азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылган. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Айыл өкмөт өзүнүн мыйзамы менен гана иштейт. Айылдык кеңештин айрым депутаттары жерге тиешеси жок болсо деле Өрнөк айылынын жашоочуларынан 6 миң сомдон топтоп, аны эмнеге жумшаганы тууралуу маалымат берише элек. 25 гектар жер бүгүнкү күнгө чейин кимдерге берилгендиги боюнча тизме жок. Ал эми жер адиси пара менен кармалганына карабай адаттагыдай эле иштеп жүрөт. Айыл өкмөттүн үстүнөн дагы канча арыздар жазылды, бирок буга карабастан Ноокат райондук прокуратурасы ишти жаап коюп жатат», - деди Б.Абдукаимова.

Аталган айыл өкмөттүн тургуну Урнисакан Мамасалиева: «Президенттин коррупцияны жоебуз дегенине карабай биздин айыл өкмөттө коррупция кайра күч алып жатат. Азыркы айыл өкмөт башчынын ачык айтканда тажыйрбасы жок. Карапайым элге кайракы жерден жер берген. Ал жерге үй салууга болбойт, жер көчкү жүрө турган аймакта жайгашкан. Ал акчалуу адамдарга трансформациясы жок жерди берип жатат. Бизде Аймактарды өнүктүрүү жылы эмес эле, аймактарды бузуу жылы болуп жатат.

Айыл өкмөткө караган Нарай айылындагы Нарай орто мектебинин директору айыл өкмөт башчысы менен жакшы мамиледе. Менин 30 жылдык тажрыйбам бар, орун жок деген шылтоо менен ишке албай жатышат», - деди.

Он эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Кутманбек Турсункулов өзү жөнүндө айтылган пикирлерге кошулбайт.

«Биринчиден кудайдан коркуш керек. Кайракы жер бергенибизге эл сүйүнүп эле отурушат. Бир депутат эже экөөбүз айыл өкмөт башчылыкка эки жолу ат салышып, ал утулуп калган. Бул жерде кеп "креслону" талашуу эле болуп жатат. Айылдык кеңештин токтомдору аткарылбай калды деген туура эмес. Токтомдордон бирөө гана аткарылбай калган, алардын айыптоолоруна такыр кошулбайм. Жакшы эле иштеп жатабыз», - деди К.Турсункулов.

Бүгүн, 18-сентябрда Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жер адиси айыл өкмөттүн буйругу менен кызматтан бошотулганы маалым болгон.

Ал эми Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызмат Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жер адиси менен айылдык кеңештин депутаты мыйзамсыз акча алганын аныктаган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош облусунун Араван жана Ноокат райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнө М.К. аттуу тургун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жер адиси жер тилкесин бергени үчүн 50 миң сом опузалап талап кылганын айтып, арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 225-берененин (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) жана 166-берененин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. 2018-жылдын 17-августунда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кызматтык бөлмөсүндө 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан убакта жер маселелери боюнча адис К.И. жана жергиликтүү кеңештин депутаты С.О. кармалган.

Учурда аталган кызматтын тергөө башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×