Видео, сүрөт — Ноокаттагы жол кырсыктан айдоочу менен 5 жаштагы кызы жабыркап, аялы көз жумду
Turmush - Ноокат районундагы жол-транспорт кырсыктын кесепетинен 39 жаштагы аял каза болуп, айдоочу менен кызы ооруканага түштү. Окуя кечээ, 17-сентябрда саат 20:10 чамасында болгонун Ош ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.
Маалыматка караганда, «Фольксваген Гольф-3» унаасынын айдоочусу — Ноокат районунун Көк-Жар айылынын 1974-жылы туулган тургуну А.Т. Көк-Бел айылынын чыгыш тарабында башкаруусун жоготуп, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочунун аялы — 1979-жылы туулган С.А. ооруканага жетпей көз жумган. Ал эми айдоочу 5 жаштагы кызы менен Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилген.
Учурда жол кырсык фактысы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Ноокат РИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.