Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 17.09.2018 17:16

Ноокатта 300 орундуу мечит ачылды (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында 300 орундуу мечит ачылды. Бул тууралуу Ноокат районунун башкы имамы Маматкасым Турдубаев билдирди.

Анын айтымында, мечиттин ачылыш аземи 15-сентябрь күнү өттү.

«Иш-чарага район жетекчилери, имамдар, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Марипов баштаган жамаат катышты. Аталган мечиттин курулушуна ушул эле айылдын тургуну, жеке ишкер демөөрчүлүк кылды. Мечит заман талабына ылайык, бардык шарты менен курулду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×