Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 15.09.2018 23:49 На русском

Смартфон алуу үчүн заводго жумушка орношкон: Дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Акмарал табылды

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районунун 15 жаштагы дайынсыз жоголгон тургуну Акмарал Калдарова табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына анын туугандары билдиришти.

Акмарал интеллегенттүү үй-бүлөдө тарбияланат, анын ата-энеси медицина тармагында эмгектенет. Ал ата-энесинен смартфон сатып берүүнү өтүнүп, бирок алар азырынча кичинекей экенин айтышкан. Акмарал телефонду иштеп сатып алууну чечкен. Ал Ош шаарына барып, жумуш издеп жүргөн башка кыздар менен таанышып, алар жарнамадан Кызыл-Кыядагы кирпич заводдо жумуш бар экенин көрүп, шаарды көздөй жөнөшкөн. Кыздар аталган шаарга келип, жумушка орношушкан.

Ишкананын жетекчилигинин маалыматы боюнча, Акмаралдын 15 жашта экенин билбей жумушка алышкан. Ошол эле күнү жумушчулар интернеттен кыздын изделип жатканы тууралуу маалыматты көрүп, жетекчиге кабар беришкен. Жетекчи өспүрүм кыздын атасына кабар берип, ал кызын алып кеткен.

Буга чейин 15 жаштагы Акмарал Калдарова 11-сентябрь күнү саат 07:00 чамасында үйүнөн мектепке кийген формасы менен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы маалым болгон.

Атасы Замир Калдарбековдун айтымында, Акмарал үйүнөн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, социалдык камсыздандыруу баракчасын кошо алып кеткен. Ал Ноокат районундагы мектептердин биринде 8-класста билим алып жаткан болчу. Жанында уюлдук телефону жок болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×