Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 14.09.2018 10:42 Жаңыланды: 14.09.2018 11:11 На русском

Cүрөт — 15 жаштагы Акмарал үйүнөн документтерин алып кеткен бойдон дайынсыз

Turmush -  Ош облусундагы Ноокат районунун 15 жаштагы тургуну Акмарал Калдарова 3 күндөн бери дайынсыз. Ал 11-сентябрь күнү саат 07:00 чамасында үйүнөн мектепке кийген формасы менен чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Атасы Замир Калдарбековдун айтымында, Акмарал үйүнөн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, социалдык камсыздандыруу баракчасын кошо алып кеткен. Ал Ноокат районундагы мектептердин биринде 8-класста билим алып жаткан болчу. Жанында уюлдук телефону жок.

Учурда Акмаралды ата-энеси, туугандары үйүндө чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Ал тууралуу билгендер болсо 0773 76 66 33 номуру аркылуу билдирүүнү атасы суранат.

Аяш атасынын айтымында, Акмаралды акыркы жолу Ош шаарындагы кафеге жумуш издеп барганда көргөндөр болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×