Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 13.09.2018 08:55 Жаңыланды: 13.09.2018 18:05 На русском

«Жеңеке»: Айдар менен өзбек кызы Зулайканын сүйүүсү

Turmush -  Айдар Токтор уулу менен өзбек кызы Зулайка Азамованын үйлөнгөнүнө 10 жыл болду. Эки баланын ата-энеси Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн тургундары. Өзбек кыздары бал тилдүү, илбериңки келишет деген Айдар Токтор уулу жубайы менен мектепте иштеп жүргөндө таанышкан.

«Жашым 40ка келип калды. Ноокаттагы мектептердин биринде кыргыз тилинен сабак берем. Аялым экөөбүз да мектептен таанышканбыз. Алгач Зулайкага үйлөнөм дегенимде атам, "өзүбүздүн эле кыргыз кыздарын албайсыңбы" деп каршы болгон. Жашым үйлөнчү убактан ашып баратканда айла жоктон жуучулукка барышты. Бирок аялымдын ата-энеси да каршы болуп койгон. Көрсө, аларда ата-энеси тараптагы эжелери күйөө баланын айылына барып, ал тууралуу сүрүштүрөт экен», - деди Айдар Токтор уулу.

Алар күйөө бала тууралуу билген соң көнүлдөрүнө жагып, макулдуктарын беришкен. Эки жубайдын тою кыргыз салты менен Ноокаттагы тойканалардын биринде өткөрүлгөн. Ал эми калың сунушташканда Зулайканын ата-энеси каршы болуп, албай коюшкан.

Айдар мырза жубайын кыргыз аялдарына салыштырмалуу тиричиликке тың экенин айтат.

«Аялым үйдө такыр тынбайт. Таң ата электе турат, үйгө да, тамакка да, малга да жетишет. Тамакты да түрлөп даамдуу жасайт. Кээ бир досторум тамашалап, “аппок дода”(чоң ата), "дадаси" (атасы) деп тийишип калганы менен, көбү ичинен суктанышат. Кыргыз аялдары уйкудан турганча, менин аялымдын тиричилиги бүтүп калат», - деп кошумчалады.

Ал эми тойдогу, тойдон кийинки күндөрдү күлкү менен эстеген Зулайка Азамова учурда өзүн кыргызмын деп эсептейт.

«Жолдошум менден 7 жаш улуу болгондуктан башында мага көп жардам берди. Өзбек тойлорунда келин ыйбаа (тартынып, уялып) кылып башын төмөн кылып турат, бийге да чыкпайт. Биздин тойдо да мен бийге түшпөй койсом, баары келип урушкан. Мен кантип ушунча элдин алдында жаңы келин болуп алып бийлейт элем деп жиним келет. Бир маалда өзүмдүн бир тууган эжем келип, бийге түшпөсөм жолдошум капа боло турганын айтты. Айла жок, той аяктап калганда бийледим», - деди ал.

Зулайка жеңе үчүн жаңы үй-бүлөгө, башка улутка көнүү кыйын болгон.

«Кээ бир сөздөрүн түшүнбөй, буюмдарды издеп жүрө берген күндөрүм болгон. Жолдошум апамдын чайдөшүнө (кумган) суу куюп кой деп кетип калды. Чайдөш чайнекпи деп ойлоп, көпкө чейин издегем. Бизде абдесте дейт. Ошондой эле биз өзүбүздөн кичүүлөрдү да сиз дейбиз, эми гана сен дегенге көндүм.

Кайын журтум жакшы адамдар, эч качан бөлбөйт. Кээ бирлери сөз менен тийишип турушат. Андайда "мен эки балалуу болдум, эми кыргызмын" деп коём. Кыргыз келиндер менен өзбек келиндерин салыштырып көрсөм, кыргыздар оюна келгенин жасай беришет экен. Кыргыздарда келиндерге эркиндик көп берилген. Калың берип алганбыз дешип аяп турушат», - дейт Зулайка Азамова.

Үй-бүлөнүн бир уул, бир кызы орус мектепте билим алып, кыргызчаны так сүйлөшөт. Балдар таенеси тарапка барып калса бир күндөн кийин эле чоң атасы тарапка качып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×