Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 06.09.2018 09:02 На русском

Ноокатта жаңы асфальтталган жолдо 2 унаа кагышты (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунда кагышкан 2 автоунаа материалдык чыгымга учурады. Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, окуя кечээ, 5-сентябрь күнү саат 16:20 чамасында Ош—Ноокат жолунда болгон.

Тактап айтканда, Ноокат ашуусунан түшө берген жерде «Хонда Одиссей» менен жол тандабас кагышкан. Бактыга жараша адамдар жабыркаган жок.

Ал эми күбөлөрдүн айтымында, кырсык болгон жердеги жаңыдан басылган асфальт чөгүп, жол жаман абалда болгон. Айдоочулар асфальт чөккөн жерден качууга аракет кылып жатып ырсыкка учурашы мүмкүн экенин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×