Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 04.09.2018 10:54 Жаңыланды: 19.09.2018 12:44 На русском

Сүрөт — Сардал апа Ата Мекендик согушка кеткен агасын 73 жыл бою күттү

Turmush -  Ноокат районундагы Зулпуев айыл өкмөтүнүн жашоочусу Сардал Абдуллаева Улуу Ата Мекендик согушка узаткан агасын 73 жыл бою үмүт үзбөй күткөн. Ушунча жыл өткөндөн кийин гана бир боору кайда көмүлгөнүн билди.

Анын уулу Икрам Курбанбеков интернет сайттар аркылуу согушка кеткен таякесинин денеси Латвияда көмүлгөнүн аныктаган. Ушул жылга чейин апам агасын тирүү деп жүргөндүктөн каза болгонун айтканда ыйлады, деп билдирди Икрам Курбанбеков.

«Апам 83 жашка чамалап калды. Агасы Аман Абдуллаев 1942-43-жылдары согуш кызып жаткан учурда кеткен экен. Акыркы жазган каттарында сол колунан ажыраганын, Берлинге жетип калганын айткан. Андан соң кабарсыз жоголгон. Апамдар көзү ачыкка барганда тирүү экенин, туткунга түшүп калганын айтыптыр. Ошондон бери апам тирүү деп ишенип жүргөн», - деди И.Курбанбеков.

Анын айтымында, таякеси Аман Абдуллаевдин дарегин интернет аркылуу Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон жоокерлердин тизмесинен тапкан. Анда 30-март күнү көз жумганы жазылган.

Ал эми Сардал апанын айтуусу боюнча, 1945-жылы кар кете элек жаздын күндөрүндө агасынын акыркы каты келген болчу.

«Биз таякем экенин аныктоо үчүн кайда кайрылууну билбей турабыз. Биз таякемдин алган сыйлыктары, кайсыл жерде каза болгону, эмне болуп көз жумганы тууралуу билгибиз келет», - деп кошумчалады И.Курбанбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×