Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуНоокат району 03.09.2018 09:21 Жаңыланды: 03.09.2018 10:53

Сүрөт, видео — Ноокатта 40 тонна күйүүчү май ташып бараткан унаа өрттөндү

Turmush -  Ноокат районундагы Алмалык айылында күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, айдоочу жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 2-август күнү саат 22:10 чамасында Ош—Ноокат унаа жолунун 19-чакырымында 40 тонна күйүүчү май жүктөп бара жаткан «ДАФ» үлгүсүндөгү унаадан өрт чыккан. Ал Бишкектен Баткенге бара жатканы белгилүү болду.

Өрттүн кесепетинен жакын жайгашкан турак үйдүн 2 чарчы мерт чатыры күйүп кетти. Ал эми унаанын айдоочусу жеңил жаракат алып, Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген. Анын жаракаты оор эмес.

Өрттү өчүрүүгө Ош шаарынан 3 бөлүм жөнөтүлүп, саат 23:30да өрт толугу менен өчүрүлдү. Учурда окуянын себептери такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×