Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуНоокат району 24.08.2018 11:40 На русском

Видео — Депутат куда ортомчу болгон: Ноокатта жемкор жер адис менен депутат кармалды

Turmush -  Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызмат Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жер адиси менен айылдык кеңештин депутаты мыйзамсыз акча алганын аныктады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош облусунун Араван жана Ноокат райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнө М.К. аттуу тургун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жер адиси жер тилкесин бергени үчүн 50 миң сом опузалап талап кылганын айтып, арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 225-берененин (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) жана 166-берененин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. 2018-жылдын 17-августунда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кызматтык бөлмөсүндө 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан убакта жер маселелери боюнча адис К.И. жана жергиликтүү кеңештин депутаты С.О. кармалды.

Учурда аталган кызматтын тергөө башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Буга чейин Ош облусунун Ноокат районундагы айыл өкмөттөрдүн биринин жер адиси пара менен кармалганы маалым болгон. Аймактык кабарчы укук коргоо органдарындагы өздүк булактарга шилтеме берип билдиргендей, жер адис менен айылдык кеңештин депутаты жер тилке берүү убадасы менен акча алууну көздөшкөн.

Ал эми Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Кутман Турсункулов жер адиси кармалганын четке каккан болчу.

«Акча сунуштаган адам жайыт жерге мыйзамсыз үй салып алган. Комиссия текшерип, үйдү бузууга чечим чыгарган. Бирок ал адам ортого киши салып, акчасын жер адисинин үйүнө чейин барып бере албай жүргөн. Айылдык кеңештин депутаты акча сунуштаган кишинин кудасы болгондуктан ортомчулук кылып, акчаны жер адисине алып барып бермей болот. Депутат 50 миң сом акчаны алып, жер адисине кирип кеткен соң каржы полициясына кабарлап койгон. Жер адиси акчаны албай, депутат акчаны кайра алып чыгып бара жатканда кармалып калган. Учурда жер адиси ишин улантууда», - деген К.Турсункулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×