Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуНоокат району 23.08.2018 16:34

Ноокаттын Ынтымак айылындагы борбордук көчөгө түнкү чырактар орнотулуп жатат

Turmush -  Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылындагы 3 чакырым борбордук көчөгө түнкү чырактар орнотулуп жатат. Көчөнү жарыктандыруу иштери 3 ай мурун башталганын айыл өкмөттүн башчысы Нурбек Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, түнкү чырактарды орнотуу иштерине БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан 800 миң сом бөлүнгөн.

«Үч чакырым аралыктагы борбордук көчөнү жарыктандырып жатабыз. Учурда электр лампалары орнотулууда. Жалпы 114 электр мамычасына электр лампалары коюлат. Сентябрь айына чейин көчөнү жарыктандыруу иштери жыйынтыкталат», - деди Н.Жоробеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×