Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 22.08.2018 12:21 На русском

Сүрөт — Ноокаттагы оорукананын сел каптагандан кийин оңдолгон имараты пайдаланууга берилди

Turmush -  Ноокат райондук аймактык ооруканасынын Т.Зулпуев айыл аймагындагы Атамерек айылында жайгашкан неврология бөлүмүнүн имараты толугу менен капиталдык оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди.

Аймактык кабарчы билдиргендей, социалдык объектинин ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Элмира Нарматова, район акими Давранбек Маматалиев жана медицина кызматкерлери катышты.

Оорукананын 50 орунга ылайыкталган 2 кабаттуу неврология бөлүмүнүн имараты 1981-жылы курулган. 2011-жылы катуу жааган жамгырдан кийин имараттын жер төлөсүнө сел кирип, бир жак дубалы чөгүп, бир нече бөлмөлөрдө жарака пайда болгон. Ички дубалдардын чөгүүсү тереңдеп, бөлмөлөр жараксыз абалга келген. Көп мезгилден бери имарат пайдаланылбай тургандыктан жылытуу системасы, канализация жана электр энергия берүүчү жабдуулар да жарактан чыккан.

Аталган бөлүм 2015-2016-2017-жылдары толугу менен капиталдык оңдоодон өтүп, ага мамлекеттик бюджеттен 34 млн 161 миң сом сарпталган. Мындан сырткары 12 млн сомго эмеректер, тиешелүү медициналык жабдуулар жана аспаптар алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×