Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуНоокат району 20.08.2018 13:04

Ноокатта 43 жыл мурун курулган музейди оңдоо иштери 3 жылдан кийин кайрадан башталды

Turmush -  Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл өкмөтүндө 1975-жылдары курулган тарыхый музейдин имаратын оңдоо иштери улантылып жатат. Аталган музейди оңдоп-түзөө иштери мындан 3 жыл мурун башталып, бирок токтоп калган.

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата 3 жылдан бери токтоп калган оңдоо иштери кайрадан башталды. Бул тууралуу «Сулайман-Тоо» улуттук археологиялык тарыхый комплексинин директору Султан Абдыракманов кабарчыга билдирген. 1975-80 жылдары курулган музей СССР кулагандан кийин «Сулайман-Тоо» музейинин филиалы болгон эле.

«Эки кабаттуу тарыхый музейде 2,5 миңден ашуун экспонат бар. Биздин милдет илимий методикалык жардам берүү. Музейге этнографиялык буюмдар, аймактардан чыккан кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, дыйканчылык шаймандар коюлган. Андагы эскилиги жеткен фотосүрөттөрдү, тарыхый жазууларды кайра калыбына келтирүү үчүн 42 миң сом акча каражаты бөлүндү», - деди Султан Абдыракманов.

Тарыхый музейдин имараты Ноокат районундагы Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн балансында турат. Айыл өкмөттөн бөлүнгөн акча каражаты бир эле кабатына жеткендиктен, экинчи кабаты убактылуу буюм сактоочу жай болуп турат. Музейдин үстүнө шифер жабууга, суу түтүктөрдү оңдоого, караңгылатылган терезелерди коюуга жана башка оңдоп-түзөө иштерине керектүү каражат айыл өкмөттөн бөлүнгөнүн айыл башчы Совет Мурзакулов кошумчалады.

«Айыл өкмөтүбүз СССР убагында “Россия” колхозу деп аталып, аны Токтомат Зулпуев жетектеп турган. Ошол кезде айылда окшош эки кабаттуу үйлөр курулуп, 640 орундуу театр, төрөт үйү жана башка маданий борборлор ачылган. Учурда аталган музейге айыл өкмөттөн 100 миң сом каражат бөлүнүп, оңдоо иштеринин 70 пайызы бүтүп калды», - деди Мурзакулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×