Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуНоокат району 20.08.2018 15:15 На русском

Ноокаттагы айыл өкмөттүн башчысы жер адиси пара алып жатканда кармалганын четке кагууда

Turmush -   Ош облусунун Ноокат районундагы айыл өкмөттөрдүн биринин жер адиси пара менен кармалганы маалым болду. Аймактык кабарчы укук коргоо органдарындагы өздүк булактарга шилтеме берип билдиргендей, жер адис менен айылдык кеңештин депутаты жер тилке берүү убадасы менен акча алууну көздөшкөн.

Алар бул кызматын 50 миң сомго баалашкан. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жер адисти мыйзамсыз акча алып жаткан учурда кармашты. Учурда тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Ал эми Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Кутман Турсункуловдун айтымында, жер адиси кармалган эмес.

«Акча сунуштаган адам жайыт жерге мыйзамсыз үй салып алган. Комиссия текшерип, үйдү бузууга чечим чыгарган. Бирок ал адам ортого киши салып, акчасын жер адисинин үйүнө чейин барып бере албай жүргөн. Айылдык кеңештин депутаты акча сунуштаган кишинин кудагыйы болгондуктан ортомчулук кылып, акчаны жер адисине алып барып бермей болот. Депутат 50 миң сом акчаны алып, жер адисине кирип кеткен соң каржы полициясына кабарлап койгон. Жер адиси акчаны албай, депутат акчаны кайра алып чыгып бара жатканда кармалып калган. Учурда жер адиси ишин улантууда», - деди К.Турсункулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×