Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуНоокат району 08.08.2018 17:27

Ноокатта мамыны сүзгөн унаа талкаланып, айдоочу көз жумду (сүрөт)

Turmush -  Ноокатта автоунаа кырсыгынан 54 жаштагы айдоочу каза болуп, 10 жаштагы кыз ооруканага жеткирилди. Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, окуя 6-август күнү болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 1964-жылы туулган А.К. өзүнүн «ВАЗ 2106» унаасы менен Көк-Жар айыл аймагынын Бор-Баш айылына жеткенде башкаруусун жоготкон. Анын кесепетинен жолдун күн батыш тарабында жайгашкан «Ноокат райондук электр тармактар» ишканасына таандык электр мамычасын сүзүп токтогон. Андан оор жаракат алган айдоочу окуя болгон жерде каза болуп, жүргүнчү кыз — Ош шаарынын 2008-жылы туулган тургуну Б.А. Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилди.

Учурда аталган кырсык боюнча Ноокат РИИБ соттук-медициналык экспертизаларды дайындап, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×