Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуНоокат району 03.08.2018 18:06 На русском

39 жаштагы М.Абилов Ноокат райондук администрациясынын аппаратын жетектейт

Turmush -  Ноокат райондук администрациясынын аппарат жетекчиси болуп Мамажунус Абилов дайындалды. Бул тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

М.Абилов буга чейин райондук мамлекеттик администрациясында экономика секторунун башчысы болуп эмгектенип келген. Ал 39 жашта, жогорку билимдүү, 4 баланын атасы.

Ал эми мурунку аппарат жетекчи жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин Ноокат райондук кабылдамасынын катчысы болуп дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×