Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуНоокат району 23.07.2018 16:18 На русском

Ноокаттагы жол кырсыктан 26 жаштагы жигит каза болду (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 22-июлда саат 17:30 чамасында Ош—Исфана эл аралык унаа жолунун 55-чакырымында, тактап айтканда Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жол кырсыктын кесепетинен 26 жаштагы жигиттин өмүрү кыйылды. Бул маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, Ноокат районунун 1992-жылы туулган тургуну М. уулу А. «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаа менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, карама-каршы багыттагы «Вольво Ф10» унаасы менен кагышкан. Аталган жүк ташуучу унааны Кызыл-Кыя шаарынын 1971-жылы туулган тургуну Э.Б. башкарып бара жаткан.

Жол кырсыктын кесепетинен жаракат алган «Хендай Портердин» айдоочусу Ош шаардык ооруканасына жетпей каза болгон.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, Ноокат РИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×