Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуНоокат району 23.07.2018 10:46

Акыркы суткада өлкө аймагында 35 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 35 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 37 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 23-июлда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын Маданият айылында сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 108 чарчы метр чатыры, 250 түк чөп жана 180 түк саман күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Өрткө балдардын от менен ойногону себеп болгон.

Ошондой эле электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам Каракол шаарында «Хонда Стэпвагон» үлгүсүндөгү унаанын (мамлекеттик номуру N09KG 510 AAZ) ички салону толугу менен өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×