Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуНоокат району 17.07.2018 14:00 Жаңыланды: 17.07.2018 19:58 На русском

Ноокатта 22 жаштагы кызды өзүнүн апасы менен агасы өлтүрүп, сууга ыргытышкан (толукталды)

Turmush -  Ноокат районунда өзгөчө оор кылмыш — үй-бүлөсүнөн ажал тапкан жаш кыздын өлүмү иликтенип жатат.

Бүгүн, 17-июлда Ош шаарында журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйында Ош ОИИБдин башчысынын орун басары Оролбек Акпаров ушул жана башка оор кылмыштар тууралуу маалымат берди.

«Жакын арада эле болгон оор кылмыш боюнча айтсам, Ноокат районунда резонанс жараткан кылмыш катталды. Жаш кыз 1 ай мурун жоголгон эле. Кийин анын жансыз денеси табылып, ыкчам топтун тергөө иштеринин натыйжасында өзүнүн апасы менен бир тууган агасы шектүү катары кармалды. Алар 1 ай мурун кызын өлтүрүп, денесин сууга таштап жиберишкен. Бул жакынкы арадагы кылмыш.

Андан мурун Кара-Суу районунда адам өлтүрүү фактысы катталган. Жергиликтүү тургунду аялы менен баласы өлтүрүп, денени үйүнүн короосуна көмүп койгон.

Андан башка адам өлтүрүү боюнча ачылбай калган кылмыш иши учурда жокко эсе», - деди О.Акпаров.

Өздүк булактардан алынган маалыматтар боюнча, ноокаттык кыз турмушка чыга электе көз жарып, баласын башка адамга берген. Ага арданган апасы менен агасы кыздын бутун байлап, суу сактагычка ыргытышкан.

Кийинчерээк Ош ОИИБдин басма сөз кызматы бул оор кылмыш тууралуу кошумча маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, 2018-жылдын 2-июлунда саат 20:30 чамасында Ноокаттын Бел айылынын четиндеги каналдан киши колдуу болуп көз жумган жаш кыздын денеси табылган. КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 97-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгында маркум Ноокат районунун 22 жаштагы тургуну А.Ш. экени аныкталган болчу.

Андан көп узабай оор кылмышка шектелип 47 жаштагы А.З. (маркум кыздын апасы) жана 24 жаштагы А.М. (маркум кыздын агасы) кармалды. Алгачкы тергөөдө шектүүлөр кызын турмушка чыга электе төрөп, намысты тепселеди деп айыпташканын айтышкан.

Учурда шектүүлөр камакта. Тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×