Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуНоокат району 16.07.2018 18:19

Ноокаттык 29 өспүрүм түнү менен иштеп жүрүшкөн

Turmush -  11-июлдан 13-июлга чейин Ноокат районунда «Түнкү өспүрүм» рейди жүрдү. Анын алкагында 29 өспүрүм бала ар кандай жумуштарда эмгектенип жүргөнү белгилүү болгон.

Ноокат райондук мамлекеттик администрациянын маалыматы боюнча, түнкү саат 23:00дө башталган текшерүү иштери таңкы саат 06:0гө чейин улантылган. Бул аралыкта текшерүүчүлөр наабайкана, кафелерде иштеп жаткан өспүрүмдөр менен жолугушкан. Алардын ичинен 11 бала Ош шаардык өспүрүмдөрдүн укугун бузууну алдын алуу борборуна жиберилди. Ал эми башка балдардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Рейдге райондук өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×