Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуНоокат району 12.07.2018 09:50

Ноокатта 18 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти

Turmush -  Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы Найман суу сактагычындагы сууга 18 жаштагы жигит чөгүп кетти. Окуя кечээ, 11-июлда саат 15:30 чамасында болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2000-жылы туулган С.Б.ны издөө иштерине Ноокат райондук өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, ӨКМдин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 7 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу саат 21:45те издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган. Бүгүн, 12-июлда издөө иштери улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×