Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуНоокат району 06.07.2018 10:11 На русском

Фото — Бүгүн Кара-Ташта 47 млн сомго курулган мечит ачылат

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү Кара-Таш айылында борборлоштурулган эки кабаттуу мечит-медресе пайдаланууга даяр. Кара-Таш айыл аймагында жайгашкан мурунку эски Чечме-Сай мечитинин ордуна эки кабаттуу, жер төлөсү менен жаңы имарат курулган. Анын жер төлөсүндө медресе жайгашат.

Айыл өкмөт башчы Баатыр Мамарасуловдун маалыматы боюнча, мечиттин жаңы имаратынын курулушу 47 млн сомго жеткен. Ал эми ичин жасалгалоого 150 миң доллар коротулду. Бул Мухаммад Амин мечити Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү эң чоң мечит болуп калды.

«Мечиттин жаңы имаратын куруу демилгесин мечит-медресенин жалпы жамааты көтөргөн», - деди Б.Мамарасулов.

Медреседе бүгүнкү күндө 14 мугалим эмгектенип, 37 кыз, 63 эркек балдар таалим алат.

Бүгүн, 6-июлда жаңы имаратты жума намаздын алкагында салтанаттуу ачуу пландалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×