Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуНоокат району 26.06.2018 10:55

Ошто бир түндө 2 жөө жүргүнчүнүн өмүрү кыйылды

Turmush -  Ош облусунун аймагындагы жол кырсыктын кесепетинен дагы бир жөө жүргүнчүнүн өмүрү кыйылды. Жүргүнчүнү кечээ, 25-июнда саат 22:00 чамасында «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү автоунаа Ноокат—Папан унаа жолунун 15-чакырымында сүзгөн.

Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдиргендей, унааны Ноокат районунун 1982-жылы туулган тургуну А.Н. башкарып бара жаткан. Ал эми маркум — 1953-жылы туулган У.И. ошол жерде көз жумду.

Учурда бул окуяны Ноокат РИИБдин тергөөчүлөрү тергеп жатышат.

Кечээ, 25-июнда саат 21:30 чамасында Бишкек—Ош жолунун 638-чакырымында, тактап айтканда Оштогу Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Садырбай айылында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсык катталган. Жабырлануучу оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза болду. Кийин анын өздүгү такталып, 1937-жылы туулган жергиликтүү тургун (эркек киши) экени аныкталган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×