Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ош

Кулатов айыл өкмөтүнүн айрым тургундары Кызыл-Кыя цемет заводунан түшкөн салык маселесин айтып чыгышты (видео)

Turmush -  Кызыл-Кыя цемент заводу курулган аймак Ноокат районундагы Т.Кулатов айыл аймагына карайт. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн тургундары жана айылдык кеңештин депутаттары бүгүн, 21-июнда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында айтып чыгышты.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова Кызыл-Кыя цемент заводунун айланасындагы талашка вице-премьер-министр Замирбек Аскаров аралашып жатканын айтып, кызматтан кетишин талап кылган.

Кызыл-Кыя цемент заводу буга чейинки салыктарын Ноокат жана Кызыл-Кыя шаарына 50 пайыздан төлөп келген. Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн мурдагы жер адиси Жуман Муратов цемент завод турган жер Ноокат районунун аймагында экенине токтолду.

«Завод турган жер Ноокат районунун аймагында болгондон кийин биздин райондо толук каттоодо турсун. Айрым депутаттар Кызыл-Кыянын жери экенин айтып жатат. Завод турган жер кайсы аймакта болсо, ошол жерде каттоодо турушу керек. Убагында Ноокаттын Кулатов айыл өкмөтүндө жер адиси болуп иштегем. 2006-жылы Кызыл-Кыя цемент заводу курула баштаган. Ошол убактагы жыйынга эки облустун тургундары катышып, цемент завод курула турган жер Кулатов айыл өкмөтүнө карай турганы айтылган. Цемент завод курулгандан кийин талаш жаралды. Соттошуп, жогорку соттон да утканбыз. Биз эч кандай мыйзамсыз иш жасаган жокпуз. Бийлик өкүлдөрүнөн жер кайсы аймакка караса, заводду ошол жерге чечип берүүсүн суранабыз», - деди ал.

Ал эми пенсионер Азим Абдуллаев талашка соттор да чекит койгонун айтат.

«Цемент заводдун талашы тууралуу бардык соттук отурумдарга катышып келгем. Завод Кулатов айыл өкмөтүнүн аймагында экени такталган. Сот Баткен же Ош облусунда эмес, Жалал-Абад облусунда болгон. Жогорку сотко чейин жетип, заводдун аймагы Кулатов аймагына карай турганы айтылган», - деди А.Абдуллаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1728
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×