Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Ош облусуНоокат району 19.06.2018 13:01

Ноокаттыктар селдин алдын алуу үчүн тосмо курушту

Turmush -  Ноокат шаарынын Барын кварталында өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана селден сактануу максатында жергиликтүү тургундар ашар жолу менен иштеп жатышат. Алар канал, арыктарды тазалап, габион торчолорун орнотушту.

Буга чейин жаан катуу жааган сайын сел каналдан суу ашып, көчөлөрдү жана короолорду суу басып келген. Учурда тосмо толугу менен бүткөрүлдү. Ошондой эле шаар мэриясы тарабынан тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, турак жай жана башка курулуштарды камсыздандырууга чакырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×