Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрдөн белек: Ноокаттык Аваз Осмонова жолдошу менен бирге Түркияда эс алып келди (фото)

Turmush -  Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Ата айылындагы А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиянын алгачкы, тактап айтканда мындан 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү класс жетекчисине эсте каларлык белек тартуулашты. 58 жаштагы Аваз Осмонова Түркиянын Анталия шарында эс алып, кечээ, 3-июнда учуп келген.

«20 жыл мурун 23 окуучумду мектептен узаттым эле. Алар быйыл чогулуп, мектепке төрт сыналгы белек кылып, биология кабинетин жабдып беришти. Ошондой эле жолдошум экөөбүзгө 8 күнгө Анталияга эс алууга билет белек кылышты. Жомоктогудай эс алып келдик. Бул өлкөгө мен биринчи жолу бардым», - деди кубанган мугалим.

Быйыл 20 жылдыкты белгилеп жаткан классташтар Аваз Осмонованын төртүнчү бүтүрүүчүлөрү.

«Окуучуларым бөйрөгүн алмаштырууга муктаж болгон жигитке да акчалай жардам беришти», - деп кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1010
Көп окулду
×