Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

«Жеңеке»: Тегирменчи жигитке турмушка чыккан Н.Сейдалиева жаңы келин болгондо казанды агартам деп тешип алган (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Таш айылына келин болгон Наргиза Сейдалиева 19 жашында турмушка чыккан. Ал курбусунун тоюна барганда жолдошу ала качып кеткенин аймактык кабарчыга айтып берди.

Өзүнүн айтымында, жолдошу менен турмуш курганына 16 жыл толду.

«Ал учурда 19 жашта болчумун. Кошуна айылга курбумдун тоюна баргам. Той бүткөн соң эжемдин үйүнө келип жатсам, жолдошум достору менен ала качып кеткен. Эжемдин кичине кыздары бычак көтөрүп чыгып, ызы-чуу болуп жатсак да жездем чыкпай койду. Жолдошумдун достору эжемди кармап, өзү менен алып кетти. Көрсө ал жездем менен алдын ала сүйлөшүп койгон экен. Ал убакта айыл боюнча жолдошумдун эле тегирмени бар болчу. Жездем ун тарттырганы көп барчу экен», - деди ал.

Наргиза жеңе жаңы келин болуп барганда казанды агартам деп отко кактап, ал тешилип калган.

«Биринчи балам төрөлгөнчө көнө албай кыйналдым. Жездеме да таарынып, сүйлөбөй жүрдүм. Эжем экөө менин айымдан көр урушушту. Бирок азыр жездеме ыраазычылыгымды айтам. Жаңы келин болуп барганда казан агартам деп отко кактап, ал тешилип калган. Келиндик доордо көп эле кызыктуу окуялар болду. Толготуп жатканыма карабай, Ошко окууга кетип калган учурлар да болгон. Жолдошум окуумду, жумушумду түшүнүү менен кабыл алды», - деди Наргиза жеңе.

Ал 3 кыз жана 1 уулдун апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1928
Көп окулду
×