Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Айыл турмушу: Жолдошу менен 30 жылдан бери маданият үйүндө иштеген Ү.Мадумарова облустук сынактарга катышат (фото)

Turmush -  60 жаштагы жубайлар — Кабыл Мадумаров менен Үринса Мадумарова 30 жылдан бери Ноокат районунун Кара-Таш айылындагы маданият үйүндө эмгектенип келишет. Аймактык кабарчы жубайлар менен таанышты.

Өзүнүн таланты менен эле ырдап жүргөнүн айткан Ү.Мадумарова жолдошу экөө 8 баланы өстүргөн. Анын айтымында, жолдошу окуу жайда искусство факультетин аяктаган.

«Айылдагы маданият үйү өзүбүздүн үйдөй эле болуп калган. Сегиз баланы төрөп, жетелеп жүрүп ыр кеселерди уюштурдум. Декреттик өргүүгө чыккан убакта да маданият үйүн тазалап кеткен учурлар болгон. Балдарымды жетелеп жүрүп ырдап, кароо-сынактарга катыштым. Учурда балдарымдын үчөө өз алдынча ырдап жатышат»,- деди ал.

Жубайлар 4 миң сомдон айлык маяна алышат.

«Алган айлыгыбыз айыл жергесинде жакшы деп эсептелет. Мектеп окуучуларына маданият үйүндө бий кечесин да өткөрчүбүз. Кирүү акысы үчүн 10 сомдон алып, чогулган акчага маданият үйүн оңдоп-түзөгөнбүз. 2000-жылга чейин артисттер гастролдоп көп келишчү эле. Аларды өзүбүздүн үйдө коноктоп жөнөтчүмүн. Артисттердин бут кийиминин такасы жыртык полго кирип кеткен, бири таяк жеп, экинчисин аары чагып кеткен учурларды эстеп күлөбүз», - деп кошумчалады каарманыбыз.

Аймактагыларды жарыштырып, ыр кеселерди уюштурган үй-бүлө иш-чараларга түнү менен даярданган учурлар болгон. «Музыкалык билимим жок болсо да талантым менен айылдын атынан облустук кароо-сынактарга чейин барып жүрөм. Концертке кийген киймдерди да өзүмдүн акчама тиктирем. Кышында эл үйүндө отуруп калганда айылдагы таланттуулар менен концерттерди уюштуруп турам», - деди Ү.Мадумарова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1284
Көп окулду
×