Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Ош

Айыл турмушу: 65 жаштагы А.Жалилов интернеттен көргөн өзгөчө күрөктү төрт саатта жасады (видео)

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Таш айылынын 65 жаштагы тургуну Абдисалан Жалилов устачылык менен алектенет. Өнөрлүү уста менен аймактык кабарчы таанышты.

Пенсия жашындагы карыя интернеттен көргөн буюмдарды өз колу менен жасап чыгат.

«Өзүм темир устамын. Балдарымдын баарынын үйлөрүн өзүм салып бергем. Айылдагы усталар айрым учурларда менден жардам сурашат. Балдарым "эми эс алып жашаңыз" деп үйгө интернет коштуруп беришкен. Жумуш жасаганга көнүп калгандыктан иштетилбей калган темирлерден ар кандай буюмдарды жасайм», - деди уста.

Өзүнүн айтымында, «керемет күрөк» жасаган.

«Бул буюмду интернеттен көрүп, төрт саатта жасап бүтүрдүм. Баштап алсам кызыгып, аягына чейин бүтүрөм. Учурда өзүм жасаган буюм менен картошканын түбүн бошотуп жатам. Мындан тышкары 4-5 күндүн ичинде чөп кырккыч жасагам. Үйгө керектүү майда-чүйдө буюмдарды жасап койгом. Айылдагы имараттардын көбүнө колум тийген. Ары-бери өткөндө аларды көрүп кубанып калам» - дейт Абдисалан ата.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2822
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×