Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ош облусуНоокат району 22.05.2018 13:44 Жаңыланды: 22.05.2018 14:10

Самат Маматжан уулу 26 жашында кокусунан гимназия-мектептин директору болду

Turmush -  Жогорку окуу жайдан педагогикалык билим алган Самат Маматжан уулу бир жыл мурун 26 жашында Ноокат билимканасы гимназия-мектебинин директору болду. Борбор калаадан Ноокатка келип иштеп калганыма таң калгандар көп, дейт жаш жетекчи.

«Ош шаарындагы жогорку окуу жайдан математика жана компьютердик технологиялар факультетин аяктаган соң, Бишкектеги мектептердин бирине математика мугалими болуп жумушка кирдим. Бир жылдан кийин директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп дайындалдым. Андан көп узабай кокусунан Ноокаттагы гимназияны түптөгөн агай мектебинде эмгектенүүнү сунуштады», - деди Самат.

Жер которуу, жетекчи болуу оңойго турбаганын айткан мугалим андагы алгачкы сезимдерин азыркыга чейин унута элек.

«Пландалбаган иш болгондуктан алгачкы жумада өзүмдү таппай кыйналдым. Жоопкерчилик менен келгенден кийин өзүмдү колго алууга туура келди. Башкаруучулук мүнөз болгондуктанбы, айтор жамаатты өзүмө ишендире алдым. Жамаатыбыздын көбү менден улуу мугалимдер болгондуктан, аларга кеңеш айтуу, башчы катары тапшырма берүү кыйынга турду», - дейт жаш жетекчи.

Аны алгачкы күндөрү окуучулар да тоготкон эмес.

«Жетекчи катары сыпаалык, кичи пейилдик, катуулук, тартип усулдарын колдондум. Мурдагы директорлордон кеп-кеңеш алып турдум. Учурда тартипти бекем кармайм», - деп кошумчалады.

Учурда Самат Оштон Ноокатка каттап эмгектенип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×