Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ош облусуНоокат району 10.05.2018 09:12

Ноокаттын Кара-Кой айылы жайлоо бала бакчасы үчүн 208 миң сомдук боз үйдү белекке алышты (фото)

Turmush -  Ноокаттын Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Кара-Кой айылындагы жайлоо бала бакчасына 208 миң сомдук боз үй тигилди. Айыл өкмөттүн башчысы Бакытбек Мариповдун айтымында, мындай белек Жайыт пайдалануучулардын улуттук ассоциациясынын атынан тапшырылган.

Мындан ары айыл тургундарынын жайлоого кошо ала чыккан балдары 90 баш боз үйдө билим алышат. Ал 30 орунга ылайыкташтырылып, жергиликтүү бийлик тарабынан толук колдоо көрсөтүлүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×