Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ош облусуНоокат району 05.05.2018 13:25

Телефондон алданган ноокаттык атанын окуясы

Turmush -  Кечээ, 4-май күнү Ош ШИИБдин криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине Ноокат районунун 1956-жылы туулган (эркек киши) тургуну кайрылды. Анын айтымында, ушул эле күнү күйөө баласы телефон аркылуу байланышып, Ош шаарында жол кырсыгынан катуу жаракат алганын айткан. Ал кырсыкка себепкер экенин билдирип, 30 миң сом сураган.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул кабарды уккан кайната шашып, 30 миң сомун көтөрүп алып Ош шаарына жеткен. Бирок айтылган даректен күйөө баласын таппай, телефондон терминал аркылуу которуп кой деген өтүнүчтү уккан. Мындан шекший баштаган жаран милиция кызматкерлерине кайрылып, алардын жардамы менен күйөө баласына байланышты. Анын жыйынтыгында чыныгы күйөө баласы кырсыктабаганын билген. Муну менен телефондогу алдамчыларга алданып, Ноокаттан атайын Ош шаарына шашылыш жеткен арыз ээси материалдык зыянга учураган жок. Учурда алдамчыларды аныктоо, аларды колго түшүрүү аракеттери көрүлүп жатат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы телефондогу алдамчылардан сак болууну эскертет. Эгерде кандайдыр бир шек жаралса дароо аймактагы милиция кызматкерлерине кайрылыңыздар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×